Cаясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдар жакын туугандарынын мүлкү тууралуу да декларация тапшыртууга милдеттендирилүүдө. Буга байланышкан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында каралып, анын концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбооруна ылайык, декларацияда жарандардын кирешелери менен кошо алардын чыгашалары жөнүндө маалымат берүү талабы да камтылууда.
Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү декларация толтурган жарандар өздөрүнүн жана жакын туугандарынын чет өлкөдөгү активдери менен мүлкү жөнүндө да маалымат берүүгө тийиш экенин айтат. Алардын чет өлкөдөгү активдерине салык төлөгөнү же төлөбөгөнү жөнүндө маалымат атайын эл аралык келишимдердин негизинде алынмакчы.