Нарын. Мэрияга 2015-жылдын 3 айында түшкөн 207 кайрылуунун үчөөндө жетекчилердин кызмат абалынан пайдалангандыгы жазылган

Нарын шаардык мэриясына 2015-жылдын алгачкы 3 айында 207 кайрылуу түштү. Анын ичинен 162 кайрылуу жазуу түрүндө, 4 электрондук дарекке, 41 оозеки кайрылуу болгон. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, келип түшкөн арыздардын ичинен жетекчилердин кызмат абалынан пайдалангандыгы жөнүндө 3 кайрылуу, пенсия, жөлөк пул боюнча 2, социалдык маселелер боюнча 60, транспорт, байланыш, жол маселелери боюнча 6, коммуналдык тейлөө боюнча (электр энергиясы, жылуулук, таштанды ж.б.) 15, жер маселеси боюнча 14, турак жай, курулуш, менчиктештирүү боюнча 7, табигый кырсыктардан жапа чеккендер тарабынан 8, таза суу маселеси боюнча 5 жана башка маселелер боюнча 37 кайрылуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан