Бишкектин соода түйүндөрүнүн бири санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн

Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги рейдинде Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан “Гоин” соода борборунун кызматкерлери курулуштан чыккан таштандыларды туш келди жерге жыя беришкендигин аныктаган. Мындан тышкары имараттын жанындагы арыктар акыр-чикирге толуп, тазаланган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, соода борборунун башчысы Ч.Садыкованын атына Административдик жоопкерчилик кодексинин 489-беренесине ылайык протокол түзүлүп, ал Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан