Үч эм жана андан көп төрөлгөн балдарга мамлекеттик жөлөк пул 16 жашына чейин берилет

Социалдык өнүгүү министрлиги акыркы 5 жылда аз камсыз болгон бардардын жөлөк пулун эки эсеге көбөйткөн. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2010-жылы аталган жөлөк пулга мамлекеттик бюждеттен 1 миллиард 167,5 миллион сом бөлүнгөн болсо, былтыр бул сумма 2 миллиард 829,5 миллион сомду түзгөн. Муну менен катар 2012-жылдан бери акчалай жардам алуучу балдардын саны 32,8 миңге азайып, учурда 310,7 миңди түзүп отурат. Бул кыргыз өлкөсүндө жашаган жалпы балдардын санынын 13 пайызын камтыйт.

Айта кетсек, үй-бүлөнүн бир айлык кирешеси үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына бөлө келгенде киши башына 705 сом туура келбеген шартта жөлөк пул төлөнөт. Мындан тышкары министрлик жаңы төрөлгөн бир балага бир жолу берилүүчү акчалай жардам көрсөтөт. Ал эми эгиздерге 3 жашына чейин, үч жана андан көп эмдерге 16 жашына чейин мамлекеттик жөлөк пул каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nurmiraminkush
2015-04-09 16:03:53
ар бир торолгон балагабы же аз камсыз уй булодо торолгон балдаргабы
-1
bopos
2015-04-09 16:41:31
ай мамлекет ошол берген акчасын эсептеп отурабы ошондо.орусияда 3эм болсо квартира берет,2эм болсо жер улушун берет,ушул биздин атка минерлер балдарга берген тыйынды эсептебей оздору жок кылган чыгымдарын эсептешсе болмок. ХХХ ХХХ ХХХ...
+2
admin_portal
2015-04-09 17:19:48
bopos - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
football1
2015-04-10 02:09:12
bopos,Бакиев убагында Бишкекте торолгон уч эм балдардын уй булосуно квартира бергени эсимде
+1
karona
2015-04-10 14:27:45
Бир айда канча сом толонот? Жолок акча канча?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан