Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында "Президенттик жана парламенттик шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 3-окууда кабыл алынды. Добуш берүүгө 104 депутат катталып, 91 депутат "макул" , 13 депутат "каршы" деп добуш беришти.
Айта кетсек, бул мыйзамга ылайык, шайлоо процессине автоматташтырылган технологияларды киргизүү жагы каралууда. Мындай чаралар шайлоо тартибин бузуулар менен бурмалоолорго бөгөт коюуга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары документте шайлоо тартибинде төмөнкү нормалар белгиленген:
- шайлоодо жалпы жарандык паспорт же ID-карта менен гана добуш берүү;
- биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар гана шайлоодо добуш бере алышат;
- шайлоо күнү саат 20:00гө чейин болот;
- бюллетендерди кол менен саноонун көрсөткүчү электрондук саноодон маанилүүрөөк;
- шайлоодон кийин партиянын тизмесин өзгөртүүгө мүмкүн эмес.