"Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдүн алкагында "Кыргыз алтын" ишканасы 2015-жылдын 1-апрелинде 3 эл аралык консультантка (DLA Piper, PricewaterhouseCoopers, АМЕС) 307 миллион сом төлөдү. Муну парламенттин 9-апрелдеги жыйынында "Кыргыз алтындын" башчысынын орун басары Кылычбек Шакиров билдирди.
"Мындан тышкары жергиликтүү эксперттерге 3 миллион 709 миң сом, котормочуларга 1 миллион 236 миң сом, башка кызмат көрсөтүүлөргө 181 миң сом жумшалды. Эки жыл ичинде жалпы 343 миллион сом төлөдүк",- деди Шакиров.