Биометрикалык маалыматтарды топтогон адамдардын суткалык эмгек акысын төлөө үчүн мамлекеттен 9 миллион 194 миң сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул тууралуу өкмөттүн токтому 27-мартта чыккан. Анда КРнын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоого тартылган адамдарга компенсацияларды төлөө үчүн акча бөлүп берүү боюнча Каржы министрлигине тапшырма берилген.
Буга чейин Аксы районунун тургуну биометрикалык маалыматтарды топтогон операторлор 6 айдан бери айлык алыша электигин SUPER.KG порталына билдирген эле.Учурда өлкө боюнча 1787 оператор биометрикалык маалыматтарды топтоо менен алек болууда.
Токтом 10 күндүн ичинде күчүнө кирет.