Өкмөт "Кумтөр" маселесин чечүүгө парламенттен дагы убакыт суроодо. Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында депутаттар аталган маселе боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өкмөттүн маалыматын, мындан аркы пландарын угууда. Премьер-министр
Жоомарт Оторбаев:
"Мага парламенттен саясий колдоо керек, колдоо болсо "Кумтөр" маселесин чече алам, болбосо иштей албайм. Бир нерсени айтып коёюн, азыркыдай шартта үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү келишими биздин өлкөгө пайдасыз. Биздин талаптар аткарылмайынча мындайга барууга болбойт, азырынча "Центерра" биздин талаптарга макул болбой жатат",- деп билдирди.
Премьер-министр эгер Жогорку Кеңештен саясий колдоо болсо, "Кумтөр" маселесин чечүүдө жеке жоопкерчилик аларын кошумчалады.