Токмок шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады

Токмок шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 9-апрель күнү саат 11:45 чамасында болгон. Анда жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобус менен оор жүк ташуучу Мерседес-Бенц 310 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен кичи автобустун 6 жүргүнчүсү жабыркаган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан