Жайыл районунда 1,5 айлык баласын көчөгө таштап кетип калган аял кармалды

Жайыл районунда 1,5 айлык баласын көчөгө таштап кетип калган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милиция кызматкерлерине 8-апрель күнү саат 19:20 чамасында маалымат келип түшкөн. Анда Кара-Балтада белгисиз аял 1,5 айлык баласын кароосуз таштап, белгисиз тарапка кетип калганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Кара-Балта шаарынын 28 жаштагы С.С. аттуу тургуну кармалган. Ал ошол учурда мас абалда болгонун билдирген.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
meli12
2015-04-10 13:58:11
оо мээси жок дейди катын, жинди сууну ичип алып, жинди болуптур.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан