Турмушта ийгилик жараткан адамдар аз эмес. Биздин бүгүнкү каарман - жаш режиссёр Руслан Акун ийгилик сыры менен бөлүшөт. Руслан мырза “Бишкек, мен сени сүйөм!”, “Салам, Нью-Йорк!” көркөм тасмалары менен эл оозуна алынып турган учур.
Акун тууралуу
Туулган жылы – 1984-жыл, 30-ноябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Борбордук Азиядагы Америка университетинин массалык байланыштар факультетин аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Хоббиси – Сууда сүзүү, эртең менен чуркоо, тарыхый китептерди окуу.
Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт, учурда түрк тилин үйрөнүүдө
“7-класста окуп жатканда “Роберт менен Генри” тууралуу сценарий жазгам”
– Нарындын кулунумун. Бала кезде элпек, аябай тартиптүү болчумун дей албайм, кыздардын чачын чоюп жинине тийип, балдар менен мушташып-талашып эле чоңойдум. Нарын шаарындагы “60 жылдык” мектебинин бүтүрүүчүсүмүн. 7-класста окуп жүргөндө “Роберт менен Генри” тууралуу сценарий жазганым эсимде. Ошондо сабакка таптакыр кызыкпаган, өз эрки менен жарым барак китеп окубаган классташтарым ал сценарийди катасына карабай жата калып окушар эле. Бир сөз менен айтканда, Жан Клод Ван Даммды кумир туткан кичинекей Русланда ошол кезде эле кино искусствосуна болгон эңсөө бар болчу экен. Кийин англис тилин “А” тамгасынан баштап үйрөнүп чыктым, демек, тил билүү менин максаттарыма жол ачты.
“Убагында кароолчу, короо шыпыргыч болуп иштегем”
– Мектепти бүткөн соң Бишкекке келип, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика жана менеджмент факультетине окууга кирдим. Бирок ал жерде сабактар мага аябай кызыксыз болуп кетти. Эңсегеним баягы эле кино болчу. Анан 3-курска келгенде бала чагымдагы кыялымды орундатыш үчүн кино тартуу планынын артынан окууну таштаганга туура келди. Анан кино тармагын өздөштүрүш үчүн жакшы окуу жайдан билим алышым керек болду. 2004-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин массалык байланыштар факультетине тапшырдым. Бирок аталган университет Кыргызстандагы эң кымбат окуу жайларынын бири болгондуктан, өзүмдүн контрагымды өзүм төлөшүм үчүн ар кайсы жерде иштөөгө туура келди. Акчанын айынан ушул эле университеттин жанындагы бир ишканада кечинде кароолчу, эртең менен короо шыпыргыч болуп иштедим. Күнүгө эртең менен студенттер келгиче баягы ишкананын алдын тазалап шыпырып, сабак башталганда алар менен чогуу окууга кирип кетчүмүн. Ошентип, 2007-жылы 3-курска келгенде мүмкүнчүлүк жаралып калып, АКШдагы “Кино мектебинен” 1,5 жыл билим алууга жөнөдүм. Ал жакта деле окуп да, иштеп да тажаган жокмун, күндүз студент, кечкисин официант болуп жан багып жүрдүм. Ал жерден мен көп нерсени үйрөндүм деп айта алам.
“Мен өзүмдү чыныгы режиссёрмун деп эсептебейм”
– Менин режиссёрлук жолум 2009-жылы “Рахмат” аттуу кыска метраждуу даректүү тасма тартуу менен башталды. Учурда менин колумдан жаралган кинолордун саны 8ге жетип калды. Алардын ичинде “Бишкек, мен сени сүйөм!” тасмасы да бар. Айта кетсем, бул тасмам "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2011-жылдын супер тасмасы" наамын алган. Бирок ошол эле убакта кино аркылуу ийгиликке жетишип жатсам да, мен өзүмдү чыныгы режиссёрмун деп эсептебейм. Бул тармакта мен билбеген дагы да көп нерселер бар.
“Салам, Нью-Йорк!” тасмасы болгон окуянын негизинде тартылды”
– Америкада окуп жүргөндө эле мигрант мекендештерибиз тууралуу кино тартууну кыялданчумун. Бирок каражат болбогону үчүн ал максатым ишке ашпай келген, мына эми убак-сааты келип, “Салам, Нью-Йорк!” көркөм тасмасын тартып, көрүүчүлөргө сунуштап жатабыз. Тасмада Кыргызстандан АКШга жумуш издеп барган жигиттин оор тагдыры чагылдырылат. Менин бул тасма менен элге жеткирейин деген максатым – кимге кандай кыйынчылык келсе дагы эч убакта жеңилбестен, тайманбастан жашоо менен алпурушуп жана эч кимге таянбастан өзүнүн жашоосун өзү куруу керек экенин көргөзгүм келген. Бул дагы жете турган ийгиликтин бир сыры деп айтар элем.
“Акча көп нерсени жеңилдетет, бирок ал өлкөдө болуп жаткан жаман нерселердин негиздөөчүсү”
– Ийгиликтеги акчанын ролу... Убагында менин деле чөнтөгүмдө коко тыйын жок болчу. Далай эле ачка жүргөн учурлар башымдан өткөн. Студент кезимде кукси жей берип, азыр андан көңүлүм калыптыр. Чынында, акча көп нерсени жеңилдетет, оңой кылат. Бирок көздөгөн максатыңа жетүү үчүн тырышып аракет кылсаң жана алган билимиң күчтүү болсо, бардыгын жеңесиң. Азыр ойлоп көрсөм, эң биринчи жумушумда жарым жыл айлык албай иштептирмин. Кийин Бишкектеги швейцариялык бир борбордо 600 сом айлык алгам. Ошондо өзүмдү ушунчалык бай сезгеним эсимде. Ал эми ийгиликтин сыры, менимче, биринчиден, билимиң күчтүү болсо, экинчиден, алдыга максат коюу керек деп ойлом. Кичинекей буюм-тайым үчүн тырышпастан, адам чоң нерсеге умтулуусу зарыл. Айтайын дегеним, адамда жигердүүлүк, чечкиндүүлүк, тайманбастык, жоопкерчилик жана өзүнө ишеним болсо, алдына койгон максатына сөзсүз жетет деп ойлойм. А эгер акчанын артынан түшүп, байлык үчүн эле жашап калса, анда ал адам өзүнө да, башкага да зыян алып келүүсү мүмкүн. Кыскасы, акча – өлкөдө болуп жаткан жаман нерселердин негиздөөчүсү.
“10 жылдын ичинде “Оскар” сыйлыгын алышым керек”
– Алдыга койгон максаттарым көп, алардын бири – жеке бизнес ачуу. Кыргызстанда бүлдүркөндүн кыямын чыгарган цех ачсамбы деп жатам. Ал эми андан да чоң максатым – 10 жыл ичинде кыргыз тилинде тасма тартып, аны менен “Оскар” сыйлыгынын “Чет тилинде тартылган эң мыкты тасма” деген наамына жетүү.
“Адам саясатты мыкты билсе эле патриот болуп калбайт”
– Мен өзүмдү патриотмун деп ойлойм, бирок патриоттуулук сөзсүз эле саясатты катыра билүү дегенди түшүндүрбөйт. «Патриот» деген сөз мен үчүн өзүн-өзү адал жол менен бактылуу кылган адам. Бирөөнүн ырыскысын уурдабай, балдарына жакшы тарбия берген, мамлекетке салык төлөгөн жана Кыргызстандын жарандарын иш менен камсыз кылган адамды чыныгы патриот деп эсептейм.