Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча шектүү аныкталбаганына байланыштуу кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, эгер кылмышка шектүү аныкталса, иш кайра жанданат.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектеги Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган.
Бул факт боюнча ички иштер министри Мелис Турганбаев 2015-жылдын 11-мартында “Биз бул ишти кайрадан карап жатабыз. Учурда факт боюнча жакшы версия бар. Жакын арада жыйынтыгын көрөбүз” деген эле.