Жабырлануучу тарап: "Биз тосмо арыз жазган эмеспиз, Канжар Кадыралиевдин үй камагына кантип чыкканы түшүнүксүз”

"Бишкек шаардык соту эмненин негизинде 10-апрель күнү Канжар Кадыралиевди үй камагына чыгарганы түшүнүксүз" деген оюн бүгүн, 16-апрелде маалымат жыйынында жабырлануучу Уулкан Келдибаева билдирди. Анын айтымында, Келдибаевдер эч кандай тосмо арыз жазышкан эмес.

“Бул жалган маалымат, биз тосмо арыз жазбайбыз, артка жол жок. Канжар Кадыралиев тоок уурдадыбы, эмнеге шаардык сот аны үй камагына чыгарат? Ал укук коргоо органдарынан качып, жашынып жүрдү. Ал эжесинин үйүндө жашынып жаткан учурунда ага эки жолу "Тез жардам" керек болгон үчүн гана кармалды. Канжар Кадыралиев бирөөнүн мүлкүнө кол салды, өзү прокуратура кызматкери болсо, аны кантип үйгө жаткызып коюшту? Биз азыр милицияга да, медиктерге да ишенбей калдык”,- дейт Уулкан Келдибаева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
alaika.kg
2015-04-16 12:43:40
Уулкан, айтпайсыңбы, ачык эле. Канжар камалып кетпесе келаткан шайлоодо депутаттыкка "Республика" партиясынан талапкерлигин коюп жаткан бир тууган иним Сагындык Келдибаев жетишээрлик добуш ала албай, өтпөй калат деп. Иниңдин авторитети жок болуп, ушундай ыплас жолду тандап алдыңар. Себеби, К.Кадыралиев барда эч качан Куршабдан, Өзгөндөн добуш ала албайсыңар! Кандай түшүнбөгөн ХХХ адамсың! Канжардын бир дагы күнөөсү далилденбесе, кантип камайт?! Жалган жалаа жапканыңар ачылып, уят болдуңар!!!
-10
chyngyz1992
2015-04-16 12:52:31
alaika.kg, э койчуе мына биз билебиз го Кармышактын уйбулосу кандай адам экендигин, Санжар эле эмес атасы Кармышак да айылдакы адамдарга кыйын болуп огоротуна мал багат го ошого да закон жок дейсинби не? сенда ошолор тараптан окшойсунда
+3
admin_portal
2015-04-16 12:58:01
alaika.kg - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө жол берилбейт.
0
alaika.kg
2015-04-16 13:19:08
admin_portal, буга чейин баардык эрежелерди сактап жазчумун. Азыр БАНга кетирсе кереееек деп отургам:)))Эскертүүңөр эске алынат:)
-1
bom.bon
2015-04-16 14:25:15
alaika.kg, айыбы жок болгондо бекинбесе керек эле!
+1
uulay
2015-04-16 12:49:42
Бирин арча,бирин тал,бирин олуп,бирин кал!Ошентип депутат болбой эле койбойсунарбы?
+2
chyngyz1992
2015-04-16 13:04:14
Санжар деп адаштым Канжар дейин дегем
0
Deesmond
2015-04-16 13:10:47
Канжар тоок уурдап аны өзү жеп алса камалып кетмек, Бишкектин соту экөө бөлүшүп жеп, үй камагына чыгып кетти да.
Корупция, корупция качан курсагың жарылаар экен???
+1
akyn-jurogu
2015-04-16 14:27:28
Канжар Кадыралиев деген атты уксам, акыркы кундору аллергия боло баштадым... Эмне прокуратура кызматкери болсо эле, буга мыйзам деген нерсе иштебейби не? Же эжеси КСДП дан депутат болгон учунбу?
+1
Rahim76
2015-04-16 16:11:25
Озунун айылындагылар жадап калыптыр.Олбогудой тиричилиги бар,Кыдыралиевдердин..Напсини тыйсанар.
Эл менен болсонор.
+1
make2
2015-04-16 23:20:43
Ыргал пыргал баарын кызматтан алыш керек жолотпош керек жомокчу
-1
nurkasym-2014
2015-04-17 10:29:30
Бизде тартип деген жок .Мыйзам карапайым элге гана иштейт.Акча бар,эжеси депутат ал бошонбогондо ким бошонот.Айланайын эл журт чиновниктерди кантип токтотобуз.Айла барбы бар болсо келгиле бир ынтымака келип жапырт киришебиз.Кыргызстандын келечеги учун.
+1
bom.bon
2015-04-17 14:20:22
nurkasym-2014, Баяман Эркинбаев. Рысбек Акматбаевдер болгондо баары башкача болмок андай адамдар анда санда кездешет.узулбогон умут кыргызда баатырлар коп бир кун чыгат элим деген!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан