Индира Жолдубаева "мектептеги рэкетчилик менен күрөшүүнү прокуратура катуу көзөмөлгө алат" деди

Бүгүн, 16-апрелде парламент жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева 2014-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө маалымат берип жатат. Депутаттар башкы прокурордон мектептердеги рэкетчилик көйгөйү менен күрөшүү кандай жүрүп жатканын сурашты. 
Башкы прокурордун айтымында, Конституцияга ылайык, прокуратурага юридикалык жактарды текшерүүгө алууга мүмкүн эмес. "Мектептеги рэкетчилик - бүгүнкү күндөгү көйгөйлүү маселе. Бул багытта Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иш жүргүзүүдө. Рэкетчилик фактысы катталган окуу жайлардын директорлоруна чара көрүп жатабыз. Былтыр жалпысынан 100гө жакын адам тартиптик жоопкерчиликке тартылган",- деди Жолдубаева.
Мындан тышкары прокуратура мектептердеги рэкетчилик көйгөйү менен күрөшүүнү катуу көзөмөлгө аларын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан