1-майдан тарта мектеп-интернаттарда окуган балдардын тамак-ашына 30 сомдон 60 сомго чейин кошулат

Бүгүн, 17-апрелде парламенттик КСДП фракциясынын жыйынында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева мугалимдердин эмгек акыларын жогорулатуу маселеси боюнча маалымат берип жатат.

Жыйында фракция лидери депутат Чыныбай Турсунбеков мектеп-интернаттарда жатып окуган окуучулардын тамак-ашы кандай көлөмдө каржыланып жатканын сурады. Министр учурда аталган окуу жайларда күнүмдүк тамак-ашка 30 сомдон бөлүнүп жатканын айтты "2015-жылдын 1-майынан тарта мектеп-интернаттарда окугандардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнчү акча каражаттын көлөмү 30 сомдон 60 сомго чейин жогорулайт",- деди Сариева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан