Түркмөнстанда окуучулардын шыпыргы кармап бийлеген видеосу интернетке тараган соң мектептерде текшерүү иштери жүрүп жатат

Түркмөнстандык мектеп окуучуларынын шыпыргы кармап бийлеген видеосу интернетке тарап кетти. Түркмөнстандык басылмаларда жана интернетте катуу талкууланып жаткан бул окуядан кийин прокуратуранын өкүлдөрү аталган мектеп жайгашкан облуста текшерүү иштерин жүргүзүп жатканы маалымдалды.

Видеодон окуучулардын музыканын коштоосунда шыпыргы кармап бийлегенин көрүүгө болот. Түркмөн басылмаларынын бири бул окуяга токтолуп, "видеого жергиликтүү чиновниктер да күбө болгон болушу мүмкүн" деп жазат. Учурда окуучулардын уюлдук телефондорундагы видео жана сүрөттөр текшерилип жатат. Буга чейин мектеп окуучуларынын уюлдук телефондорунан эротикалык сүрөттөр табылган учурлар болгон. Тарбия иштери боюнча директордун орун басарына сөгүш берилип, бир канча окуучунун уюлдук телефондору алынды.

Кошумчалай кетсек, окуучулардын катышуусундагы мындай жорук жакында Орусиянын Оренбург шаарында катталган. “Кредо” деген аталыштагы музыкалык мектептин окуучулары ата-энелерине “Аарылар жана Винни-Пух” деген аталыштагы номерди көрсөтүп беришкен. Анда жарым жылаңач кийинген окуучулар тверкинг бийин бийлешкен (бул эротикалык бий катары мүнөздөлүп келет). Бийдин видеосу интернетке тарагандан кийин аталган мектептин иши убактылуу токтотулду.  

Иий, бетим! Балдар театры: Аарылар жана Винни Пух.
Түркмөнстандык окуучу кыздардын шыпыргы кармап бийлеген видеосу интернетке тарап кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
A3A
2015-04-17 11:46:29
Түркмөндөрдүн бийиндеги ыр эмне деп аталат?
0
Beka90
2015-04-17 11:51:49
Орустардын кыздарына караганда түркмөндөрдүн кыздары жакшыго уятуу жери жок
+6
sezimay
2015-04-17 13:01:45
орустарда уят, намыс деген жок
0
beka1207
2015-04-17 13:04:26
орус кыздардыкы чектен чыккандык.....туркмендердики майда бейбаштык
+3
suiuktuujar
2015-04-17 13:05:34
турктор ушуга ошончобу
+4
bazar
2015-04-17 14:47:30
suiuktuujar, Түрк башка Түркмөн башка.
+1
ilyaz14
2015-04-17 13:13:22
Мына сага закон.
+2
Qnet
2015-04-17 14:35:15
Туркчанкалардыкы прикольное видео эле болуптур,ошого элеби?Алардын бийлиги бизге келип 1жыл иштеп кетишсе,баарыбызды тизип койушат го анда
+3
Arlenchik
2015-04-17 19:52:40
Мунун эмнесине анчалык теригип атышат ото деле одоно эч нерсе жок экен, жон эле тамаша иретинде тартылып жуктоп коюшкан видео экен.
+1
temirov76
2015-04-17 20:15:56
Мен туркмон телевидениесин коп кором,аларда чогулуш болобу башка болобу дайыма улуттук форма менен жургонун корсотот.
0
Jakai89
2015-04-17 23:31:30
Туркияда закон бар экен да тура кылат ..а бизде эшек сойушса деле бейгамго.болоберет Деп эшек жей турган болуп калдык деп
+1
ARTUR83
2015-04-18 11:23:57
турция башка туркменистан башка
0
shutUP
2015-04-20 13:05:57
Түркменистан башка, Түркия башка ээ мадырабаштар! Мектепте географияны жакшы окуп келип анан буларды сынасаңар жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан