Феликс Кулов: "Центерранын" жетекчилиги кыргыз тарапты "Кумтөрдү" улутташтырууга атайын түртүп жатыптыр"

"Центерранын" жетекчилиги кыргыз тарапты "Кумтөрдү" улутташтырууга атайын түртүп жатыптыр",- деп билдирди депутат Феликс Кулов бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында.  

"Центерра" ишканасынын жетекчилиги бир жыл бою кыргыз тарапты "Кумтөрдү" улутташтырууга атайын түртүп жатканы аныкталды. Эгер биз кенди улутташтырсак, "Центерра" үчүн пайдалуу. Ошол эле учурда улутташтыруудан кыргыз тарапка жана миңге жакын акционерге пайдасыз натыйжа чыгат",- деди Кулов.

Мындан тышкары Кулов "Кумтөр" маселеси боюнча пайдалуу чечим кабыл алынбаса, өлкөнүн бир гана экономикалык абалына эмес, саясий абалына да терс таасир тийгизерин айтты. "Коалициялык көпчүлүктүн кеңешинин отурумунда "Кумтөр" маселесин чече турган жолдор талкууланат. Жыйынтыгында бирдиктүү пикирге келерибизди күтөм",- деп кошумчалады депутат.

Айта кетсек, бүгүн, 17-апрелде саат 14:00дө Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк кеңешинин "Кумтөр" маселесине арналган отуруму башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан