Москва шаарында кыргыз жарандары Манастын эстелиги жайгашкан "Достук" сейил багында ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде КРнын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жазгы тазалоо иштерине элчиликтин кызматкерлеринен тышкары Москвада эмгектенип жүргөн мекендештер, жогорку окуу жайлардын студенттери, жалпы 300гө жакын адам катышты. Алар сейил бакта өткөн жылдан бери жаткан жалбырактарды чогултуп, аллеяны жана колодон жасалган Манастын эстелигин тазалап чыгышты.
Айта кетсек, Москва шаарында Манастын эстелиги 2012-жылдын февраль айында кыргыз-орус достугун чыңдоо максатында орнотулган.
Ишембиликке керектүү делген шаймандарды жергиликтүү администрация өкүлдөрү беришкен.