Кыргыз мамлекетинде акыркы 10 жыл аралыгында кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо тармагында 38 коррупциялык схема иштеп келген, бүгүнкү күндө алардын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынын борбордук аппаратынан билдиришти. Мындан тышкары калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо, транспорттук каражаттарды каттоо тармагында 25 коррупциялык тобокелчилик аныкталганы айтылды.
"Мамлекеттик каттоо кызматы Коргоо кеңеши менен биргеликте бир катар иш-чараларды уюштурууда. Системдүү коррупцияны жоюу боюнча 2018-жылга карата атайын план иштелип чыккан, андагы 57 иш-чаранын 49у аткарылды",- деп билдирет мекеме.