Кадамжайлык жаштар достукту бекемдөө максатында иш-чара өткөрүштү

18-апрель күнү Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинде Кадамжай жаштарынын ынтымагын жана достугун бекемдөөгө багытталган коомдук фонддун ачылышы өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар 20-апрелде билдиришти. Анда Кадамжайдан чыккан шоу-бизнес өкүлдөрү Чыңгыз Мырзаев, Роза Шакирова, рэп ырчысы Изат KG Clan жана ырчы Данияр Эрматов таланттарын тартуулашса, Нурсултан Майназаров алып баруучулукту колго алды. Ошондой эле иш-чарага саясатчылар, жеке ишкерлер жана илимий кызматкерлер катышышты. 
Мода жаатында ийгиликке жетишкен жаш дизайнердин көргөзмөсү өтүп, бийчилердин бийи шаңга бөлөдү. Саамалыктын жүрүшүндө катышуучуларга таттуулардан даам сызууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кичи мекенин сагынган инсандар чогулган иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулду. "Кадамжай жаштары" коомдук фонду маданий жана спорттук оюндарды уюштуруу үчүн студенттер тарабынан түзүлүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gaydana
2015-04-20 13:12:15
Эн соонун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан