Жогорку Сот Нариман Түлеевдин арызын кароону 1 айга жылдырды

Жогорку Сот экс-депутат Нариман Түлеевдин арызын кароону 1 айга жылдырды. Мындай чечим Түлеевдин иши боюнча соттук отурумга анын жактоочуларынын келбегендигине байланыштуу 20-апрелде Жогорку Соттун Жазык иштер жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан кабыл алынганын мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. 
Айта кетсек, Бишкек шаардык соту өткөн жылы Түлеевдин мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен күчөтүлгөн режимдеги абакка 11 жылга кескен. Буга макул эместигин билдирген депутаттын жактоочулары Жогорку Сотко кайрылышкан болчу. 
Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган эле.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан