Жалал-Абад шаарында кыргыз тилинин улуулугун жаштардын аң-сезимине жеткирүү, баа жеткис мурастарыбызды сактоо, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында “Мен кыргыз экениме сыймыктанам!” аттуу кароо-сынак өткөрүлмөкчү. Сынакка 18 жаштан 25 жашка чейинки курактагы жаштар катыша алат.
Мэриядан кабарлашкандай, катышуучулардын улутуна чек коюлбайт, сынак мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. 2015-жыл - Улуттук экономиканы чыңдоо жылына арналып жазылган макалалардын көркөмдүүлүгү, актуалдуулугу эске алынат. Сынактын жыйынтыгы атайын түзүлгөн комиссия тарабынан 2015-жылдын 13-майына чейин чыгарылат. Жеңүүчүлөргө Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана шаардык депутаттар кеңешинин дипломдору, акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылат.