Бишкектин Биринчи Май районунун акими Аскербек Алиев райондо жайгашкан мектептердин директорлору, ата-энелер жана окуучулар менен жолугушту. Мэриядан кабарлашкандай, анда шаарды көрктөндүрүү боюнча бир катар иштер жүрүп жатканы айтылып, аким көпчүлүктү ишембиликтерге чыгууга чакырды.
Ошондой эле аймактык инспектор тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берилип, мектеп активисттерине окуучулар арасындагы рэкетчиликтин алдын алуу тапшырмасы берилди. Бул үчүн видеобайкоочу камераларды орнотуунун зарылдыгы айтылды.