21-апрель күнү Бишкекте жумушсуздарга, студенттерге жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жумуш таап берүүгө багытталган бош орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Саат 10:00дө баштала турган жарманке №5-кесиптик лицейде өтөт жана жумуш издеген жарандарга 50дөн ашуун ишкана, мекемелер жумуш ордуларын сунуш кылышат. Анда 3 миңден ашуун жумуш ордулары сунушталат.