Орусиянын окуу китептеринин кыргыз окуучулары үчүн стандартка ылайык даярдалышы мындан ары да улантылат

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Орусиянын билим берүү министри Дмитрий Ливанов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, эки тарап билим берүү жаатында кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү туурасында сөз кылышты. Буга чейин иштеп келе жаткан программа кыргыз мамлекетинин жана Орусиянын студенттери жана академиктеринин өз ара тажрыйба алмашуусу ийгиликтүү жана эффективдүү экендиги айтылды. Муну менен катар кыргыз студенттери үчүн Орусияда акысыз билим алууга болгон квоталардын көбөйтүлүшү кыргыз жерине татыктуу адистерди даярдоодо маанилүү экендиги белгиленди.  

Сариева жана Ливанов Орусиянын окуу китептеринин кыргыз окуучулары үчүн стандартка ылайык даярдалышынын мындан ары да уланышын сүйлөшүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан