Жогорку Кеңештин делегациясы бүгүн, 21-апрелде Страсбург шаарында (Франция) Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) сессиясына катышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. 25-апрелге чейин өтчү бул сессия 20-апрелде башталган.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Анарбек Калматов жана Бахадыр Сулейманов катышып жатышат.