Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионун оңдоп-түзөөгө каражат талап кылынууда

Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык стадиондун көйгөйү Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 20-апрелдеги облуска болгон иш сапарында көтөрүлдү. 

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, 1968-жылы колдонууга берилген “Курманбек” стадиону учурда бир катар оңдоп-түзөөгө муктаж. Стадиондун жетекечилигинин маалыматына ылайык, быйыл күз айларында Республикалык Олимпиаданы дал ушул стадиондо өткөрүү пландалган. 3 гектардан ашуун аянтты ээлеген жападан-жалгыз муниципалдык стадиондун босогосун жасалгалоо, отургучтарын алмаштыруу, чуркоо тилкесин алмаштыруу жана автоунаа жайларын куруу өңдүү шарттарды камсыз кылууда каражаттын тартыштыгы ачыкка чыккан. Шаар мэриясы бул маселени чечүүгө 35 миллион сом бөлүүгө даяр. Болжол менен дагы ушунча каражат керек.

Ал эми Тыныбеков атындагы облустук филармониянын ишмердүүлүгүнөн кабар алганда филармония кызматкерлери эмгек акысынын аздыгы боюнча маселе көтөрүштү. Барпы атындагы облустук драма театры жыл башынан баштап 3 спектаклди коюуга жетишкени Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин мүчөлөрүн канааттандырды. Бирок спектаклдерди коюуга жылына каралган 90 миң сом өтө эле аздык кыларын айтышат эл өкүлдөрү менен театр жетекчилери. Облустук администрация болсо чамасына жараша театрдын сахнасын жасалгалоого жардам көрсөткөн. Бул жерде дагы маданият кызматкерлеринин эмгек акысына байланышкан маселе көтөрүлдү.

Маданият жана спорт мекемелеринде айтылган маселелерди комитет мүчөлөрү комитет чечимине камтып же өкмөттүн астына коймой болушту. Белгилей кетсек, бүгүн, 21-апрелде аталган комитет бул маселелер боюнча көчмө жыйын өткөрмөкчү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан