19-апрелде Түндүк Африканын 800дөн ашык жараны Европа мамлекеттерине Жер Ортолук деңиз аркылуу өтүп баратканда кеме кырсыкка кабылды. Чет элдик маалымат каражаттары 21-апрелде жазып чыккан маалыматка таянсак, соңку сааттарда Италиянын Аскер-деңиз күчтөрү Грециянын Родос аралынын тушунда сууга чөккөндөрдүн 90го жакынын гана куткарып калышты. Калгандары изделүүдө. Кырсыктын себеби: мигранттар жакын кетип бараткан кемеден коркушуп, кеменин бир тарабына сүрүлүшкөн. Натыйжада кеме тең салмактуулукту жоготуп, оодарылып кеткен.
Айта кетсек, мындан бир жума мурун да Италия менен Ливиянын ортосундагы деңизде кеме оодарылып, андан 400 мигрант каза болгон.