Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 21-апрелдеги жыйынында өкмөттүн 2014-жылы аткарган иши тууралуу отчёт берүүнү улантууда.
Маматалиевдин айтымында, өлкөнүн күч түзүмдөрү диний-экстремисттик күчтөр менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурууда. "Былтыр экстремисттик багыттагы иш-аракеттер боюнча 283 кылмыш иши козголду. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 22,9 пайызга көп. Бүгүнкү күндө 106 адам экстремисттик иш алып барганы үчүн камакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат",- деди Маматалиев.