Бажы кызматкеринин күнүмдүк тамак-ашына 256 сомдон бөлүнсө, милиция кызматкерлерине 34 сомдон эле каралган

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 21-апрелдеги жыйынында өкмөттүн 2014-жылы аткарган иши тууралуу отчёт берүүнү улантууда.
Жыйында депутаттар күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлыктарынын аздыгына жана тамак-ашына жетиштүү каражат бөлүнгөнүнө нааразы болушту. "Мындан улам күч түзүмдөрүндө коррупциялык көрүнүштөр орун алууда. Мисалы, ИИМдин кызматкеринин тамак-ашына күнүнө 34 сом, УКМКнын кызматкерине 60 сом, ӨКМнын кызматкерине 84 сом бөлүнөт. Ал эми Бажы кызматынын кызматкерине 256 сом бөлүнөт. 2-3 жылдан бери ушундай болууда. Бажы кызматкери бир постто эле отурат, ал эми милиция кызматкери өз жанына коркунуч келтирген иштерди аткарат. Ошондуктан милиция кызматкерлеринин керектөөсүн жогорулатыш керек",- дешти депутаттар. 
А.Маматалиев депутаттардын пикирине макул экенин айтып, бул маселе боюнча өкмөт иш алып барганын билдирди. Андан соң вице-премьер-министр тиешелүү токтом министрликтерде макулдашуу процессинен өтүп жатканын кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан