Абдырахман Маматалиев: "2010-жылдагы окуяларда уурдалган курал-жарактарды жарандар кайтаргысы келбей жатышат"

2010-жылы өлкөдө орун алган окуяларда уурдалган курал-жарактарды жарандар кайтаргысы келбей жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, буга сыйлыктын аз болгону себеп.
Комитет мүчөлөрү: "ИИМдин тиешелүү программасына ылайык, автоматты кайтарып бергени үчүн 4800 сом, тапанчаны кайтарып бергени үчүн 3200 сом берилет. Балким, бул сумманы көтөрүү керек чыгар. Анткени куралдарды кайтаруу боюнча иш токтоп калды",- дешти. 
Маматалиев сыйлык катары берилчү сумманын аз болгонуна карабастан, курал-жарактарды кайтаруу боюнча күч түзүмдөрү иш алып барып жатканын кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан