"Кыргызтелекомдун" президенти кызматтан кетти

"Кыргызтелекомдун" жетекчиси Алмазбек Кадыркулов кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу 21-апрелде компаниянын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, Кадыркулов кызматтан кетүү тууралуу арызын 20-апрелде өз каалоосу менен жазган. Ал эми мекеменин Директорлор кеңеши Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кадрлар резерви түзүлгөнгө чейин ишкананын жаңы курамына 5 талапкерди сунуш кылууда.
Айта кетсек, 8-апрелде өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин буйругу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиев кызматынан 1 айга четтетилген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан