"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 5-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - ишкердик иш-аракеттер чөйрөсүндөгү укук-ченемдик актыларды инвентаризациялоонун алкагында "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдарына ылайык келтирүү.

Президенттик аппарат мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кире турганын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан