Жогорку Кеңеште "Мамлекеттик жаштар саясаты жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды

Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин 21-апрелдеги тегерек столунда "Мамлекеттик жаштар саясаты жөнүндө" жана "Жарандык-мекенчилдик тарбия жөнүндө" мыйзам долбоорлору талкууланды. 

Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкуловдун билдиришинче, өлкөдөгү 459 айыл өкмөттүн баарында жаштар менен иштеше турган штаттык бирдиктерди түзүү каралууда. 

Талкууда "Мамлекеттик жаштар саясаты жөнүндөгү" мыйзам долбоору боюнча пикир айткан өкүлдөр коңшу Казакстандын тажрыйбасындагы мисалдарга кайрылып, анда президенттин алдында атайын жаштардын иштери боюнча Координациялык кеңеш түзүлгөнүн айтышты. Анын мүчөлөрү ар бир 3 айда чогулуп, жаштар саясатын негизги приоритеттерин аныктап турары белгиленди. 

"Мамлекеттик жаштар саясаты жөнүндөгү" мыйзам долбоорунда өкмөт жаштардын абалы жөнүндө жылдык баяндама даярдап, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизе тургандыгы камтылган",- деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан