Депутаттар өкмөттү отставкага кетирүү маселесин кайрадан көтөрүштү

Жогорку Кеңештин 22-апрелдеги жыйынында депутат Карганбек Самаков өкмөттү отставкага кетирүү маселесин парламенттин бүгүнкү күн тартибине киргизүүнү сунуштады.
Анын айтымында, учурда өкмөттүн маанилүү министрликтеринин башчылары жок. "Каржы министрлигининТранспорт жана коммуникациялар министрлигинин, "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчилери кызматтарынан бошотулушту. Мындай өкмөттү отставкага кетириш керек",- деди Самаков.
Төрага Асылбек Жээнбеков мындай демилге коомчулук арасында да көтөрүлүп келе жатканын эскертти.
Айта кетсек, депутаттар Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөттү отставкага кетирүү маселесин бир нече жолу сунуштап келишкен. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан