2015-жылдын 1-кварталында социалдык чөйрөнүн чыгашасы 12 миллиард 569 миллион сомду түздү

2015-жылдын январь-март айларында республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө сарпталган чыгымдар 12 миллиард 569 миллион сомду түздү. Бул тууралуу 22-апрелде Каржы министрлигинен билдиришти. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу каражат 598 миллион 900 миң сомго көбүрөөк жумшалганы айтылды. 

- Социалдык коргоого – 5 миллиард 848 миллион 700 миң сом;

- Билим берүүгө – 4 миллиард 15 миллион 500 миң сом;

- Саламаттыкты сактоого – 2 миллиард 244 миллион 900 миң сом; 

- Эс алуу, маданият жана динге – 459 миллион 900 миң сом жумшалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан