Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну Социалдык фонддон Салык кызматына өткөрүү демилгеленди

Жогорку Кеңештин 22-апрелдеги жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.

Бул мыйзам долбоору камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу милдеттерин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга которуу боюнча укуктук нормаларды аныктоого багытталган, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планына ылайык, пилоттук долбоордун алкагында камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Мамлекеттик салык кызматын аныктоо пландаштырылууда",- деди Социалдык фонддун башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, пилоттук долбоорду ишке ашыруу Бишкек шаарындагы Октябрь районунун жана Чүй облусундагы Сокулук районунун салык органдарында жүргүзүлөт жана пилоттук долбоордун жыйынтыктары боюнча тийиштүү чечим киргизилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан