Жогорку Кеңештин аял депутаттары Баткендеги айгүл гүлү азайып баратканын айтышты

Жогорку Кеңештин аял депутаттары Баткен облусундагы Айгүл-Таш тоосу мамлекеттик коругунун аймагын тегерете тосмо курууга бюджеттик каражаттарды бөлүп берүү жаатында көмөктөштү. Парламенттин басма сөз кызматынын 22-апрелде билдиришинче, бөлүнгөн акчанын эсебинен эс алуучулар үчүн атайын жайлар курулган. "Депутаттар сейрек кездешкен айгүл гүлүнүн азайып бара жатканын айтышты, анткени мурун бул гүлдү тоонун этегинен көрүү мүмкүн болсо, азыр калбай баратат. Депутаттар Баткен облусунун символу болгон айгүл гүлүн сактоо үчүн инвесторлорду тартууга көмөктөшүүгө даяр экендиктерин айтышты",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан