Ысык-Көл облусунда “Ден соолук кербени” деген аталыштагы акция Тоң районунун Дөң-Талаа айылынан башталды. Муну бүгүн, 23-апрелде уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка таянсак, учурда аймактарда жашаган кыргыз жарандарынын баары эле өз маалында жакшы медициналык кызмат ала алышпайт. Мындан улам Улуттук госпиталдын карамагында көп жылдан бери турган көчмө медициналык борбор демөөрчүлөрдүн жардамы менен айылдарды кыдыра баштады. “Ден соолук кербени” өзүнө хирург, окулист, ЛОР-врач, невропатолог, УЗИ-адис, кардиолог, ревматолог, терапевт, эндокринолог, стоматолог, гинеколог, педиатр жана ЭКГ-лаборант өңдүү дарыгерлердин тобун камтыйт. Көчмө медициналык борбор бардык облустарды кыдырып чыгат.