Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт 2014-жылы аткарган иши тууралуу отчёт берди.
Депутат Чыныбай Турсунбеков өз сөзүндө кесиптештерин өкмөттүн ишине "канааттандырарлык" деген баа берүүгө чакырды. "Былтыр кургакчылык болуп, өлкөдө каатчылык болду. Ага да карабастан, өкмөт өлкөнү кыштан ийлигиктүү чыгарды. Бул өкмөттүн иштеп жатканын далилдейт. Ооба, айрым иштер аягына чейин аткарылган жок, бирок бүтпөй калган иштерди өкмөт мүчөлөрү бүтүрүүгө аракет кыларына ишенип турабыз. Ошондуктан калыстык кылып, өкмөттүн ишин колдоп коёлу",- деди Турсунбеков.