Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында депутат Феликс Кулов Жоомарт Оторбаевдин ордуна келчү премьер-министр өкмөткө тартип киргизиши керек экендигин айтты.
"Дүйнөдө өзүнүн парламенти жана өкмөтүнө толук ыраазы болгон эл жок. Биздин өкмөт оор шарттарга карабай парламент менен биргеликте кыйынчылыктардан өттү. Ж.Оторбаев өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын толук пайдалана алган жок. Айрым министрлер ага билдирбей өз ыктыяры менен кетип жатышты. Бул өкмөттөгү тартипсиздиктин белгиси. Ошондуктан тартип керек",- деди Кулов.