"Өкмөттүн курамы толугу менен отставкага кетет",- деди вице-спикер
Төрөбай Зулпукаров.
Бул тууралуу ал бүгүн, 23-апрелде
SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн жаңы курамы дайындалганга чейин учурдагы вице-премьер-министрлер жана министрлер кызмат ордунда болушат.
"15 күндүн ичинде Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамына талапкерлерди кабыл алат. Андан кийин азыркы өкмөт толугу менен кызматтан бошотулат. Бирок айрымдары өкмөттүн жаңы курамында калышы мүмкүн",- деди Зулпукаров.