Жалал-Абад шаарынын аймагында 1 жаштан 20 жашка чейинки курактагы шаардын жалпы тургундарынын, медицина кызматкерлеринин, бала бакча, мектеп, атайын орто жана жогорку окуу жайларда окугандардын жана иштегендердин арасында кызамык жана кызылча ооруларына каршы эмдөө 12-майдан 23-майга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда менчиктин түрүнө карабастан, бардык бала бакчалар, мектептер, атайын орто жана жогорку окуу жайларда окугандар жана иштегендер эмдөөдөн өтүшөт. Санитардык агартуу иш-чараларына мугалимдер тартылып, эмдөө үчүн атайын бөлмөлөр уюштурулууда. Эмдөө бөлмөлөрүндө иштеген бардык медицина кызматкерлерине жакындан жардам жана түшкү тамак уюштурулушу күтүлүүдө.