Асылбек Жээнбеков мектеп директорлору менен жолугушту

Төрага Асылбек Жээнбеков 23-апрелде Нарын облусундагы Ат-Башы районунун орто мектептеринин директорлору менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Төрага Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү, мамлекеттүүлүктү бекемдөө жаатында жүргүзүлүп жаткан реформалар, мамлекетти энергетикалык көз карандысыздык менен камсыз кылуу, парламенттик демократияны өнүктүрүү, дин саясатын жөнгө салуу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери боюнча айтып берди. Ошондой эле алдыда болуучу парламенттик шайлоо маселелерине да токтолуп өттү. А.Жээнбеков шайлоону таза жана акыйкат өткөрүү эң башкы тапшырмалардын бири экендигин жана бул багытта бардык шарттар түзүлүп жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан