Шайлоо мыйзамдарына киргизилген жаңы жоболор талкууланып жатат

Бүгүн, 24-апрелде Бишкек шаарында "Саясий партиялар жана шайлоо жүрүмү: Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына киргизилген жаңы жоболор" темасында тегерек стол өтүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусунда Жогорку Кеңешке шайлоолорду өткөрүү тартиби аныктала турган ченемдик-укук актылары талкууланат. Алар төмөнкүлөр: Депутаттар тобу демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "КРнын Президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" ("Саясий партиялар жөнүндө" мыйзамга, КРнын Административдик кодексине). Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер катышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан