Өмүрбек Текебаев "Центерранын" Директорлор кеңешине талапкерлерди кыргыз тараптын кызыкчылыгын сыйлоого чакырды

Бүгүн, 24-апрелде өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жана Жогорку Кеңештин депутаттары "Центерра" ишканасынын Директорлор кеңешине талапкерлер Мартин Грехэм жана Лорд Клэнвильям менен жолугушуп, "Кумтөр" маселесин талкуулашууда.

Отурумда депутат Өмүрбек Текебаев талапкерлерди Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын сыйлоого чакырды. "Репутациясы таза эмес инвесторлордун кыргыз мамлекетинде гана эмес, башка мамлекеттерде иштөөгө акысы жок",- деди Текебаев. 

Мындан сырткары Текебаев британиялык ишкерлерди "Центерранын" Директорлор кеңешинин учурдагы башчысы Ян Аткинсон менен кызматташууда сак болууга чакырды. "Ян Аткинсон кыргыз мамлекетинин мыйзамдарын бузуп, мамлекеттик мекемелерди тоготпой жүрдү",- деп кошумчалады Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан