Быйыл Жеңиш парады адаттагыдай 9-майда эмес, 7-майда өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде маалымат жыйынында КРнын Президентинин кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди. Анын айтымында, 9-майда "Ала-Тоо" аянтында эскерүү митинги уюштурулат.
“9-майда “Ала-Тоо” аянтында эки иш-чара бир маалда жана бир жерде өтүп калбасын деп бир салтанаттуу мааракени алдыга жылдыралы дедик. Анткени биздин ардагерлер эки иш-чарага катары менен катышканда кыйналып калышат. 7-майда Жеңиштин 70 жылдыгына карата аскер техникасынын парады өтөт. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев, алдын ала сүйлөшүлгөндөй, 9-май күнү Орусиянын Москва шаарында Жеңиш күнүн белгилөөгө катышат”,- деди Ниязов.