Мартин Грехэм, британиялык адис: "Центерранын" жетекчилиги көп нерсени жашырууда, бизди да киргизбей койду"

Бүгүн, 24-апрелде "Центерра" ишканасынын Директорлор кеңешине британиялык талапкер Мартин Грехэм "Центерра" "Кумтөр" кенине киргизбей койгонун айтты. "Демек, бул кенде ачык-айкындык жок экен. Менин жеке пикирим боюнча, "Центерранын" жетекчилиги көп нерсени жашырып жатат. Бизди да киргизбей койду. Ошондуктан биз азырынча расмий түрдө билдирүүлөрдү айта албайбыз. Биз "Центерранын" жетекчилиги менен ачык сүйлөшүүбүз керек",- деди Грехэм.

Мындан тышкары ал кандай стратегия менен иш жүргүзөрүн айтып берди. "Бизде эки так багыт бар. Биринчиден, "Центерранын" Директорлор кеңешинин ачык-айкын болушу. Анткени учурдагы кырдаал бир тарапка жана акционерлерге пайдасыз. Акционерлер нааразы болушууда. Экинчиден, Директорлор кеңеши эффективдүү чечимдерди чыгарышы үчүн ал көз каранды болушу шарт",- деди Грехэм. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан