"Кумтөр" кенин улутташтыруу - "Центерра" ишканасы үчүн чоң белек". Мындай пикирди бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушууда "Центерранын" Директорлор кеңешине талапкер
Лорд Кланвильям билдирди.
Анын айтымында, "Кумтөрдө" иш жүргүзүү соңуна келип калды. "Өндүрүү иштери аяктаган соң кенди консервациялоого бир топ акча каражаты керектелет. Кенди улутташтыруудан кыргыз тарап жеңилет, анткени бүт каражатты кыргыз мамлекети өзү төлөш керек болот. Мындан тышкары улутташтыруу инвесторлорду качырат",- деди Кланвильям.