Каржы министрлиги: "Мугалимдердин маянасын көтөрүүгө каражат табылды"

"Мугалимдердин маянасын көтөрүүгө каражат табылды",- деп билдирди каржы министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Алмаз Бакетаев. Бул тууралуу 24-апрелде Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында айтты. Анын билдиришинче, табылган каражат 2015-жылдын 4 айына гана жетет. "Билим берүү жана илим министрлигинин эсептөөсү боюнча, мугалимдердин маянасын көтөрүү үчүн 2015-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейин 2 миллиард сомдон 3 миллиард сомго чейинки каражат керек. Бул каражаттын 80 пайызын биз таптык. 1-сентябрдан тартып мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт",- деди Бакетаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан